www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Кытайдын өкмөтү тарабынан түзүлгөн антиэкстремисттик идеологиялык билим берүү кесиптик борборлору чет элдик укук коргоо уюмдарынын көңүлүн бурган. Бирок Кытай өкмөтү казактар менен уйгур мусулмандарга болгон геноцидди азырга чейин танып келишет. Үстүбүздөгү жылы Гүлбахар Жалилова гана аталган “кайра тарбиялоо” лагерлеринен БУУнун жардамында чыгып кете алган.

Гүлбахар Жалилова Казакстандын жараны. Ал Үрүмчүдөгү түрмөдө 15 ай кармалып, 2018-жылдын августунда гана чыга алган. Анын айтымында аны, башка уйгур, казактарды түрмөлөрдөгү кичинекей бөлмөлөргө темир кишендер менен камап, белгисиз дарыларды ичиришип, зордуктоо менен коркутушкан.

Гүлбахардын айтымында Синьцзян-Уйгур автономиялык райондорундагы лагерлер фашисттердин еврейлерди жана туткундарды колго түшүргөн “улуттук” концлагерлердин аналогу болуп саналат. Уйгур эркектерди сакал коюп жүргөндүгү үчүн, ал эми аялдарды оронуп жүргөндүгү үчүн “кайра тарбиялоо” лагерлерине жиберишкен. Ал жакта 15 ай кармалып келген Гүлбахардын билдиргенине таянсак, 14-18 жаштагы кыздар олтурушат. Лагерге киргизилери менен аларга салмагы 5 килограмм болгон кишен кийгизишет жана эч качан чечишпейт.

“Кичинекей камерада 20 аялды камашат. Орун баарыбызга жетпегендиктен кезек менен уктап, ошол эле бөлмөнү ажаткана катары пайдаланчубуз. Чочкого тамак бергенсип 2 литр сууну унга аралаштырып, 40 кишинин ар бирине 100 граммдан жете тургандай беришет. Тамактын алдында 5 жолу Кытайдын гимнин ырдатышат”,-дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости