www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иса Өмүркулов өзүнүн басма сөзгө кылган билдирүүсүндө төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Атамбаевсиз КСДПнын демилгечилерин, топтун өкүлдөрүн кабыл алгам. Бирок алардын доосун угуп, ага чейин да андан кийин да мен өз позициямдан кайткан эмесмин. Бирок эмне себептен партиядан чыгарылып жатканымды билбейм. Мен партиянын уставын же болбосо тартибин бузган жокмун. Партиянын мыйзамын бийик тутуп келем. Партияга келгенимден 25 жыл өттү.
Форумдун пресс катчылары мени «чыккынчы» деп атап жатышат партиядан чыгарыш үчүн. Мурдагы бийликтин тушунда ушул партияда жүргөнүм үчүн кол салуулар, үй-бүлөмө коркутуулар жана башка куугунтуктар болгонуна карабай тайманбай анын мүчөсү болуп келдим.
Анан эми саясий кеңештин бир “кучка” мүчөлөрү мени партиядан чыгарып салышканы бул легитимсиз. Жада калса курман болгон балдардын элесине, идеясына каршы чыгып сатып жатышат. Партия өлгөн балдардын үмүтүн актаган жок,”- дейт өз сөзүндө Өмүркулов.
Белгилей кетсек, 31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алганын партиянын катчылыгы кабарлаган.
Булак: NazarNews.kg