www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын укук коргоо органдары ырчы Юлдуз Усманованын аракетине укуктук баа беришет. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирет.

Мекеме белгилегендей, ырчы өлкөнүн мыйзамына ылайык өз жазасын алат. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Маалыматка ылайык, эл артисти саат 00:10до Сырдария облусуна гуманитардык жүк жеткирүү үчүн милиция кызматкерлеринин коштоп баруусун суранган. Эрежеге ылайык, аталган облуска күндүз баруусу керектигин ырчыга жооп беришкен. Андан кийин ырчы өзүнүн Инстаграмдагы түз эфиринде укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кемсинткен.

Өз кезегинде Өзбекстандын Маданият министрлиги Юлдуз Усманованын Инстаграмдагы “түз эфиринде” милицияны сындаганына нааразычылыгын билдирди.

«Юлдуз Усманованын биздин өлкөгө келген сыноолор учурунда айткан ой-пикирлери орунсуз. Үй-бүлөлөрүн көрбөй керек болсо эки айдан бери үйүнө барбай жүргөндөрүнө ички иштер органдарынын кызматкерлери социалдык тармак аркылуу нааразылыгын билдирбей эле, артисттин кабары жок окшойт», – деп айтылат министрликтин маалыматында.

Усманова укук коргоо органынын кызматкерлерине кайрылып жатып: “Силер азыр ар күнү клизма жазай турган Каримовдун мезгилинде жашабай элесиңер” деген.

Ал эми ырчы укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен кечирим сураган видеосу жарыяланды. 

Видеотасмада ырчы: "Мен көрбөсөм айтмак эмесмин, көргөнүм үчүн айттым. Көргөнүм үчүн, айтканым үчүн кечирим сурайм",-деп айткан. Бул сөздөрүн социалдык тармактын колдонуучулары олуттуу түрдө кабыл алышпаганын билдиришти.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Усманова извинилась

Публикация от upluz (@upl_uz)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости