www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кара-Кече көмүр кенинен өрт чыкты

Нарын облусундагы «Кара-Кече» көмүр ишканасынын аймагында өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

ӨКМдин билдиришинче, өрт ишкананын аймагындагы контейнерден чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 08:20да Жумгал районунан бир бөлүм тартылып, саат 10:05те чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

«Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы транспорттук таразалардын бири өрттөнгөнүн билдирди.

«Болжолдуу маалымат боюнча, жүктүн салмагын тарткан жерден электр зымдары тийишип кеткен. Контейнердеги компьютер, стол, стулдар күйгөн. Өрт көмүр казуу ишине таасирин тийгизген жок, жумуш штаттык режимде уланып жатат. Жакынкы күндөрү күйгөн жер калыбына келтирилет. Документтер башка жүк ченеген жайда болчу, аларга зыян келген жок», — деп билдирди ишкана.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости