www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күчтүү табигый кырсык Казакстандын Түркстан облусу менен Чымкент шаарын каптады. Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен аймактарды катуу сел каптап, жергиликтүү дарыялар толуп кетти.

Натыйжада, Чымкенттин аймагы толугу менен эвакуацияланган. Ондогон үйлөр жабыркаган. Мэр жакындап келе жаткан кырсык жөнүндө эскертип койбогондугу үчүн чиновниктерди жазалоону буйруду.

Түркстан облусунда үч айыл тургуну эвакуацияланды. Коңшу айылдар дагы коркунучта. Синоптиктердин айтымында, жакынкы күндөрү дагы жамгыр жаайт.

13-майда башталып, бир күн нөшөрлөп жааган жамгыр жаады. Натыйжада, Төлеби районунан агып өткөн Каскас дарыясы ташкындап, айылдарды каптаган.

Суунун деңгээли 10 сантиметрден жогору болуп, 8 баш бодо мал кырылган. Азыр ал жерде 522 үйдү суу каптап, 258 адам эвакуацияланган. Бул аймакта атайын штаб түзүлүп жана жергиликтүү деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Куткаруу иштерине Чымкенттеги 57 куткаруучу жана 14 техник тартылган. Куткаруучулар арык казып, айрым жерлерден суу соруп жатышат. Азырынча абал туруктуу. Бирок катуу жааган жамгыр кайталанса, кайрадан суу каптап кетиши мүмкүн.

Эске салсак, Сырдарыя облусундагы Сардоба суу сактагычы үстүбүздөгү жылдын 1-майында жарылып, коңшу Казакстандын Түркстан облусунун Мактаарал районунда суу ташкындары пайда болгон, бир нече кыштакты суу каптап кеткен.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.org

Последние новости