www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат, “Ата-Журт” саясый партиясынын лидери Камчыбек Ташиев президент, премьер-министр жана спикер саат канчада жумушка бараары тууралуу байкаган анализин жазып чыкты. Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

“Бир маанилүү көрүнүштү байкадым.

Пандемия башталгандан бери спортзалдар жабылып, эми күндө эрте менен Тынчтык проспектисинде жөө басам.
Күндө эрте менен ушул жолдон Президент, премьер-министр жана спикер жумушка ушул жогоруда көрсөткөн тартипте жөнөшөт.
Эми бүгүн, 2020-жылдын 15-майында булардын жумушка жөнөгөн убактысын так белгиледим:
1. Президент —-саат 7-15.
2. Премьер ——саат 7-45.
3. Спикер ——-саат 8-00.
Эмне үчүн бул экөө Президенттен кийин жумушка жөнөшөт?
«Калк айтса калп айтпайт» дегендей мамлекеттин жүгүн бир гана Президент колунан келишинче аракеттенип тартып жатат деген чын окшойт…
Эгерде бул жетекчилер Президентти тоготпосо, анда министрлер, башка мамлекеттик кызматкерлер премьер-министрди такыр эле көзгө илбейт экен да… Мына бүгүнкү мамлекетибиздин акыбалы.
Эми эртең дагы көрөбүз, премьер менен спикер өзгөрүп, уялып калышаар…”, – деп жазган саясатчы Камчыбек Ташиев.

Булак: NazarNews.org

Последние новости