www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин "Ата-Мекен" фракциясынын жыйынында депутат Каныбек Иманалиев өкмөттүн кыска аралыкта кризистен чыгуу боюнча маселесин колдоп, сунуштарын айтып өттү.

"Биринчиден, социалдык төлөмдөрдү туура кылдыңар. Чек ара боюнча 17 млн сом сактап калсаңыздар. Экинчиси, айыл өкмөттөргө 2 млрд сом гранд бөлүп, донорлордун эсебинен ушуну да сактасаыздар. Үчүнчүсү, Памирлик кыргыздарга бизден башка эч ким жардам бербейт. Аларга 3 млн болобу же 5 млн болобу жардам берсеңиздер", - деди Иманалиев.

“Ата Мекен” фракциясы бүгүн COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин төмөндөтүү чаралары тууралуу маселени карап жатат. Депутаттарга вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева жана башка өкмөт мүчөлөрү маалымат берүүдө.

Фракция бүгүнкү отурумунда Кыргызстандын 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун да карайт. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости