www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдогу ичи тарлык, көрө албастык тууралуу Таттыбүбү Турсунбаеванын жеңеси, актёр Нуркан Трусунбаевдин жубайы Жыпаркүл Турсунбаева жазып чыкты. Анын сөзү төмөндө өзөртүүсүз берилди.

"Баалуулуктар байпакка теңелип турган доордо мыкты акын Бердибек Жамгырчиев жазгандай: "Генийлер баркталбас өлкөдө, Баркталат кемчонтой, макулук" - демекчи, "залкарлар" деп азыр итибай-чотубайлардан өйдө тизмектелип жатканын көрүп, төбө чач тик турчу болду. Сөздүн кунары кетти, баркы кетти.

Ушундан улам бүгүн чыныгы залкар Бакен Кыдыкеева тууралуу азын-оолак кеп кылып өтүүнү туура көрдүм. Жакшыны жакшы деп эскерип, кийинки муунга жеткирүү-бул биз, тирүүлөрдүн ыйык адамдык парзы экен. Бакен эженин далай спектаклдерин көрүп, ал киши жараткан ар бир кейипкерлерин "чын эле ошол кейипкерлери ушул киши турбайбы" деген ишеним менен кабыл алдык. Актрисалык чеберчилиги тууралуу сөз менен айтып жеткизүүгө мүмкүн эмес.

Мен бул кишинин аялзаты катары тышкы келбети, кыймыл-аракетине токтолгум келди. Бул кишинин кайкайып басып кеткени эле өзүнчө керемет эле. Илгери апаларыбыз элечек кийип түзөлүп кайкайып басса, бул киши элечексиз эле кайкайып басчу. Ар бир кыймылы эле өзүнчө карап тургуң келтирген элес калтырчу. Кийген кийими жупуну болуп турса да, өзүнө жарашып, таптаза, тыкан болоор эле. Нукура сулуулугу өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин жүзүндө болду.

Жолдошум Нуркан айтып калат: "Бакен эже ушак-айың менен иши жок, театралдык интригаларга жолобогон, түз сүйлөгөн, кошоматты билбеген адам эле. Биз институтту аяктап келгенден кийин театрдын босогосун аттаганда эле мени Ашыраалы Боталиев, Таттыкемди Бакен Кыдыкеева эже "шефтикке" алган. Таттыкем менен өмүр бою мамилеси эне-баладай болду. Таттыкем каза болгондон кийин "Таттыбүбүгө арнадым" деп 60 жашында "Манастын уулу Семетей" спектаклинде Каныкейди аткарып чыккан"- деп көп эскерип айтып калат. Бакен эженин Таттыбүбү кайын сиңдим тууралуу айткан эскерүүсү эсиме түшүп кетти. Ал эскерүүсүндө мындай деп эскериптир: "Таттыбүбү биздин сахнага кокусунан учуп келип конуп калган кереметтүү Аккуу болчу, баалап-барктай албагандан соң көздөн кайым болуп тез эле учуп кетти.

Ал эми биз анын баркын дагы деле билбей, чыныгы баасын дале болсо бере албай келатабыз. Душмандык кылгандардын оорусу болгон Таттыбүбү экөөбүзгө тааңуулаган ойношчулдук же ичкилик өлтүргөн эмес. Таттыбүбү экөөбүздүн түбүбүзгө ичи тарлык менен көрө албастык жеткен"- деп эскерген экен. Арман дүйнө коомубуз залкардан суюлушу менен, залкарлыктан жыты жок "псевдо-залкарлардын" жоон тобу пайда болду. Алар эмне кылды? Ушул күндө да тарыхты бурмалоо менен алек. "Тай туйлап такка чыккан эмес" дегендей, залкардын ордун басыш кайда? Коомду ылайлап жатканы гана өкүнүчтүү. Мына жер үстүндө Таттыбүбү да, Бакен эже да жок, теңдешчү али жарала элегин качан моюндайбыз? 

Кыргыз деген улуу эл барда бул залкарлар чыныгы баалуулугун эч качан жоготпойт. Бутка илешкен "псевдо-залкарлардын" да өзүнө татыктуу "баасы" элдин оозунда калаар. Баарынан өкүнүчтүүсү азыркы муунга ошондой "псевдо-залкарлардын" берген таасири, натыйжада кымындай чыгармачылыкка аралашып баратканынан өйдө "эмгек сиңирип","элдик" болуп, акчасына таянып "эл баатыры" болгусу келген нысапсыз "алкымдардын" жоон тобу тарбияланып жаткан учур. Мына замандаш залкарлардын ордун баскан жаңы муун, жаны кыргыз коому?!...

Ушундан улам мындай суроо салгым келет. Биз чыныгы залкарларга кандай сый-урмат көрсөтө алдык? Эч кандай! Учурунда залкар феномен, дүйнөлүк жазуучубуз Чыңгыз Айтматовго деле чексиз көрө албастыктар болгонун угуп калабыз. Деги кандай элбиз? Жакшыны көрө албасак, бүт тоссок, жаманды көтөрмөлөп, көкөлөтсөк. Кечээки эле мисал, алп акын Элмирбек Иманалиев эмне деген талант эле, аны чындыгы үчүн куугунтуктап жүрүп, мүлжүп жүрүп, жутуп тындык. Залкарлар башкага окшобогон өзгөчө таланттар, ошондуктан, жайладык, тебеледик, тепседик, бирок ал пендечилик, залкардын ысымын алар ойлогондой кирдетип эмес, тескерисинче андан бетер баалуулугун бийиктетип жиберээрин көр пенделер түшүнсө кана...

Залкарлардын бир жазыгы беркилерге окшобогонунда. Кыргыз-байыркы эл, нарктуу эл экенин тарыхка эле калем сап менен жазбастан, нарктуулугубузду, мыкты эл экенибизди иш жүзүндө далилдеп, залкарларыбызга аздектүү мамиле кылганды үйрөнбөйлүбү, кандай дейсиздер?!", - деп жазган Жыпаркүл Турсунбаева.

Булак: NazarNews.org

Последние новости