www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык фермерлер өкмөттөн этти жана башка азыктарды сыртка экспорттоого киргизилген мораторийди жокко чыгарууну өтүнүүдө.

Мындай чектөө былтыр ноябрдын аягында бир нече айга созулган кургакчылыктан жана малдын жапырт өлүмүнөн кийин киргизилген. Азыр көпчүлүк аймактарда абал жакшырып, фермерлер эттин өлкө ичиндеги баасы жасалма түрдө төмөндөтүлүп, ал чыныгы базар баасына туура келбей жатканын билдирүүдө. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө Казакстанда эттин бир килограммы болгону 6 доллардан болуп жатса, коңшу Өзбекстанга аны 10 доллардан сатууга болот.

"Бизге ички базарды камсыз кылуу үчүн канча буудай, эт, өсүмдүк майы жана картошка керек экенин аныктап, белгилүү бир квота бергиле. Биз Турукташтыруу фонду менен белгиленген баада келишимдерди түзүп, камсыз кылып беребиз. Бирок калган көлөмдү сыртка сатууга уруксат бергиле. Эмнеге биз кирешелерибизди жоготушубуз керек? Бул туура эмес", — деди фермер жана Сенаттын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча жумушчу топбунун мүчөсү Фарид Абитаев.

Фермерлер эт экспортуна тыюу салынганынан жана ички сатып алуучуларга арзан баада сатуу милдеттенмесинен улам малчылардын көбү оор абалга кептелгенин билдирип жатышат. Алар негизги азык-түлүктүн бааларын базар өзү аныктагыдай шарт түзүп берүүнү өтүнүүдө. "Ооба, баалар кескин жогорулап кетет. Бирок мындан агроөнөр жай комплекси өнүгүүгө дем алат", — деп билдиришти фермерлер.

Казакстандын Эт бирикмесинин аткаруучу директору Аскар Жубатыров да өкмөт элди арзан азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн бааларды өндүрүүчүлөрдүн эсебинен төмөндөтүүгө аракет кылып жатканын билдирүүдө. Анын айтымында, бийлик азыр Казакстанда азык-түлүктөр кымбат экенин мойнуна алып, калктын төмөн кирешесин жогорулатуу менен алектениши керек. Ал бүгүнкү күндө өлкө калкынын 45% айыл чарбачылыгы менен алектенерин белгилеп, алардын да кызыкчылыктары эске алынышы керектигин кошумчалады.

Экономисттердин айтымында, мамлекеттин бааларга ашыкча көзөмөл жүргүзүүсүнөн улам эл тиги же бул азык-түлүктүн тартыштыгына кабылып келет. Былтыр жайында Казакстандагы базарларда картошка менен сабиз дээрлик жок калган, анткени дыйкандарга ал азыктарды сырткы базарларга сатуу кыйла пайдалуу болгон.

"Бул окуядан кийин аткаминерлер экспортко тыюу салуу менен маселе чечилбей турганын түшүнүшү керек болчу. Эгер көзөмөлдөнсө баалар жасалма түрдө кармалып турат. Бул кезинде Советтер Союзунда кеңири колдонулган ыкма. Тилекке каршы, биз базар экономикасы катары бул ыкмалардан арыла албай келебиз", — деди экономист Арман Беймембаев.

Казакстанда түрдүү тармактардагы бирикмелердин мүчөлөрү айыл-чарба азыктарынын баасын көзөмөлдөө саясаты айыл тургундарынын азайышына алып келиши мүмкүн деген кооптонууларын айтып келишет. Алардын айтымында, дыйкандардын көбү баалардын жасалма төмөндөтүлүшүнөн улам өз чарбаларын жаап, шаарларга кетүүгө аргасыз болушат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости