www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош — Баткен — Исфана жолунун (28-75 чакырым) Ноокат районундагы тилкесинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы бидирди.
Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Табылды Тиллаев бул эл аралык маанидеги жол гана эмес, Баткендин социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү орунда турган транспорттук артерия болуп саналарын белгилеген.
Анын айтымында, Ош — Ноокат — Баткен жолун курууга Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) 50 миллион сом кредит бөлүп берет. Учурда тендердик документтер даярдалууда. Долбоор эл аралык стандарттарга ылайык ишке ашырылат.
Жапаров жакын арада тендер жарыялоону тапшырып, жолду курууну ата мекендик компанияларга берүү зарылчылыгын белгилеген.
Белгилей кетсек, Оштон Баткенге бараткан негизги жолдун Ноокат районунун аймагындагы 50 чакырымдай тилкесинин тамтыгы чыгып калган. Бул көйгөй көптөн бери көтөрүлүп келет. Жергиликтүүлөр маселени чечүүнү талап кылып митингге да чыгышкан.
Булак: NazarNews.kg