www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абакта жаткан жаран каза болду

Бишкектеги №47 түзөтүү абагында жазасын өтөп жаткан 60 жаштагы жаран каза болду. Маалыматты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, окуя 18-февралда катталган.

«Өлүмдүн алдын ала себеби «жүрөктүн иштебей калышы жана кандагы канттын жогорулашы» деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камакта кармоого тоскоол болуучу оорулардын тизмесине кирген айыккыс оор оорулардан жана кант диабетинен жапа чеккен соттолгондор мындан ары абакта калуудан бошотулушу мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости