www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ага-ини куда болсо болобу?» Бул тууралуу талаш-тартышка КР мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов төмөнкү пикирин билдирди.

- Коомчулукта көкүрөктү көр, акылыбызды тайкы кылган ага-ининин балдары үйлөнсө болот деген маселе көтөрүлүп жатат ушул пикирди канткенде токтото алабыз?

- Жакын арада ушул маалымат менен таанышып, үрөйүм учуп, эмне деп айтарымды билбей, келмем оозуман түшүп олтурат. Кантип эле биз ушул деңгээлге жетип калдык. Качан кыргыз журтчулугунда агасынын кызына инисинин баласы үйлөнчү эле?! Кимиси чоң ата, кимиси таята, ортодогу мамиле кандай болот бул эмне деген шумдук? Анда чоң ата, таене, таеже, ага-карындаш деген сөздүн мааниси жок болуп, сүрүлүп кетеби?

Дегеле каныбызга, каада-салтыбызга, наркыбызга таптакыр тетири келген туура эмес окуя. Мен дайыма өз маегимде кыргыз элинин Манасынан мисал келтиремин. Кенже эпос, дастандарыбызда ата-бабаларыбыздан нарктуу-барктуулары дагы айтылып келет. Кааданы, салтты, үрп-адатты тереңдеп аңдай алган аксакалардарыбыз атка минип, атаган мал-салын жетелеп,  балдарына кыз издеп чыкканда ашуу ашып, бел басып, айылдан-айыл кыдырып ардактуу конок болуп, боз үйдүн тегерегинде малдарын жандап, кызга сөйкө салып, чачпагын байлап, жакшы мамилелерди түзүп кудалашып кыз алышкан. Кыргызда бийик сөз бар, “Үйдөн чыккан кыз чийден сырткары”. Салтыбызда кызды узатканда кыздын сулуулугун, көркөмдүгүн, аруулугун, абийирин даңазалап жеңелери  кошок кошуп өз боз үйлөрүнөн узатышкан. Бул бир. Экинчиси уруу-урууга бөлүү бизде жат көрүнүш деп талкууга алынып калбады беле, тескерисинче өз санжыра-таржымалын билгени менен, уруу аралык мамилелердин аябай бекемдиги, чыйрактыгы, көп жылдыгы менен ушул күнгө чейин дүйнө элин таң калтырып, намысыбызды тарттырбай жашап келген.

Канча кылымдан бери уруулашып жашап келе жатабыз. Биздин мамлекетибиздеги ошол учурдагы эң күчтүү структура болгон. Айылга кадыр-баркы сиңген аксакалдары чечкен. Каяктан кыз алып нике кайып болду, нике жандырмай, никеге тургузмай дегендерге өзгөчө маани беришкен. Ошол эле учурда 7 ата деген салты болгон. 7 атаны жөн эле санап койбой, аны сүрүштүрүп ар бирин өзгөчө маани менен атай алганы бул биздин кыргызга гана тиешелүү. Кыргызда сөз бар, “бул - кыз алышпаган туугандар” деген. Эң жакын туугандарды ошентип атап койгон элбиз. Өтө жакындарды “кыз беришпеген туугандар” деп коёт. Бүгүнкү күндө ага-ини кудалашат деген эмне деген окуя?! Жадагалса мал баласы андай иш кылбайт. Макулук кылбаганды биз жасайт белек. Муну инстинкт деп коёт. Менин оюмча, Максат Ажы азыркы талкууну көрсө керек. Ал киши эстүү, билимдүү, өзүнүн айткандарына түзөтүү киргизер. Бирок, кыргызга жат көрүнүш. Мындай талкууга токтоосуз тыюу салынышы керек. Биз улуттук уруубуздан ажырап жатпайбызбы. Азыркы чакырык кандай көрүнүш болуп калат? Мындайга жол бербешибиз керек.

Кыргыз ислам динин кабыл алгандан тарта, шарият менен каада-салт айкалышып келген. Салт менен динде чатак чыккан эмес. Кыргыздын философиясы, баалуулуктары шарияттын мыйзамдарына шайкеш. Мисалга өкүл ата, өкүл апаны шайлоо салтын алсак, кыргызда “Өкүл ата өз ата, өнүп-өссүн кайната” деген макал бар.  Өкүл ата, өкүл апанын дагы коомдо өз орду, түшүнгөнгө терең жөрөлгөсү бар. Өкүл ата, өкүл апа кадимкидей ата ордуна ата, апа ордуна апа болуп беришкен. Ошондуктан, ата-энеси өзүнүн жакын адамын өкүл ата, өкүл апа шайлап берген. Айтылбаган жазылбаган салттарыбыз ушул күнгө чейин келип олтурат, - деди Касмамбетов.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости