www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйын учурунда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулуп жаткан мектептер жаңы окуу жылына чейин бүтпөй калышы мүмкүндүгүн айтты.

Анын айтымында, учурда бул багытта иш жүрүүдө.

“Бирок бул убакыт жаңы мектепти курууга аздык кылат, жаңы окуу жылына үлгүрбөй калышыбыз мүмкүн”, - деди ал.

Бишкекте Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 15 мектептин жана бир бала бакчанын курулушу башталган.

Эскерте кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп үстүбүздөгү жылдын 24-февралында дайындалган. Буга чейин аталган кызматты Айбек Жунушалиев аркалап келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости