www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Орусиянын Украинадагы атайын аскердик операциясына байланыштуу өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усмановдун активдерин тоңдурду. Бул тууралуу орусиялык миллиардер биринчи жолу үн катты.

«2022-жылдын 28-февралында мен Европа Биримдиги киргизген санкцияларга кабылдым. Мен мындай чечимди адилетсиз деп эсептейм, ал эми санкцияларды актаган себептер менин ар-намысымды, кадыр-баркымды жана ишкердик репутациямды каралаган жалган айыптоолордун жыйындысы болуп саналат. Арнамысымды жана аброюмду коргоо үчүн бардык мыйзамдуу жолдорду колдоном», - деп жазган миллиардер ачык катында.

Усманов ошондой эле Эл аралык фехтование федерациясынын жетекчиси кызматынан кетерин билдирди. Ал акыйкаттык орногуча кызматтан кетерин белгиледи. Усмановдон тышкары Евробиримдик 28-февралда Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков баш болгон 25 орусиялыкка: ишкерлер, топменеджерлер, аскер кызматкерлер, саясатчылар, журналисттер жана маданият ишмерлерине санкция киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости