www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясат таануучу, ардактуу академик жана Украинадагы Кыргызстандын бир кездеги элчиси кечээ күнү өз пикирин жарыялап, Украинага каршы Орусия баштаган согушта Кыргызстан Москваны гана колдош керек деп жазып чыкты. Орус жетекчилигинин айтканына көнүп, ардактуу академик бул согушту – «атайын операция» деп атайт, ал эми Донбасста акыркы 8 жылда геноцид болгонуна ишенет экен.

Бирок Бириккен улуттардын баш катчысы Антониу Гутерриш жакында – Донбасстагы окуялар эч кандай геноцид эмес дегенин катардагы дипломаттар дагы билет чыгаар. Дүйнөдөгү эң биринчи дипломаттын айтканын уккандын ордуна, биздин аксакал – кошуна мамлекеттин куралдуу күчтөрүнө кайрылып, аларды аскерий төңкөрүш уюштурууга чакырган жана өлкөнүн өзөктүк күчтөрүн жогорку даярдыкка келтирген жетекчини колдойт.

Орой жана ачык жүргүзүлгөн пропагандага ушундай саясатчыларыбыз ишенсе, башкалардан биз эмнени күтө алабыз? Дал ошол себептен эл аралык сахнада Кыргызстандын эмгиче эч кандай өз саясий жүзү жана кадыр-баркы жок.

Последние новости