www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сохко курал-жарак ташып жатабы? Мындай суроону журналист Айданбек Акматов өз баракчасына жазып чыгып, учуп бараткан тик учактын видеотасмасы менен чогуу жүктөгөн.  Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Риштан-Сох багыты боюнча өзбек тик учактары тынымсыз ары-бери учуп жатат. 4-июнда беш жолу, 3-июнда үч жолу ары-бери каттаган. Жергиликтүү калк чочулоо, чыңалуу менен байкоо салып турат. Курал-жарак ташып жатпайбы деп. Учууга коридор берген Чек ара кызматы, Генштаб, өкмөт, президент көз салып жатабы?!", - деп жазган Акматов.

Буга улай Баткендин чек ара аймагында жашаган тургундары да Сохко 20 автобус келгенин айтып, тынчсызданышкан. Бирок Баткен облустук ички иштер башкы башкармалыгы тынчызданууга кажет жоктугун билдиришкени менен кечээ дагы бир нече жол тандабас унаалар Сохко келишкенин тургундар билдиришүүдө.

Эске салсак, Өзбекстандын Сох районунун акимчилиги Чечмедеги жаңжалда 187 жаран түрдүү жаракат менен райондук ооруканага кайрылганын, 15 адам оор абалда тик учак менен борбордук ооруканага жеткирилгенин “Озодлик” радиосуна кабарлаган. Райондук оорукананын өкүлдөрү жаңжалда жарадар болгондордун ичинен 13 адам ок жегенин “Озодликке” маалымдашкан. “Азаттыктын” өзбек кызматы Фергана облустук администрациясынын өкүлү Мухаммеджон Обидов 2-июнда 3 адам сайы жок мылтыктан атылган бытырадан жабыркаганын айтканын жазды.

Буга байланыштуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова жергиликтүү булакка 31-майда кыргыз-өзбек чек арасындагы булак талаштан чыккан жаңжалда кыргызстандыктар тарабынан бир да курал колдонулган эместигин маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости