www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда 25-майда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн афроамерикалык Жорж Флойд менен коштошуу аземи Миннеаполис шаарында болуп өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, коштошуу аземине маркумдун туугандары, активисттер, саясатчылар жана шоу-бизнес өкүлдөрү катышты. Жакынкы күндөрү маркум менен коштошуу аземин башка шаарларда дагы өткөрүү пландалууда. Флойддун сөөгү 9-июнда өзү туулуп өскөн Техас штатындагы Хьюстон шаарында жерге берилет.

Буга чейин, америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуудагы чыгымын төлөй тургандыгын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости