www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын сырткы карызынын көбү жол тармагына жумшалаары талашсыз. Акча көп болгондуктанбы же башка себеби барбы, анысын биле албадык. Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген альтернативдүү жолду куруу иштери Казарман айылынан башталган. Бул жол Жумгал аркылуу өтөт. Ошондуктан, жумгалдык депутат Жыргалбек Турускулов ар бир метр жерин машкедей жыттагылап, кынтыксыз өткөзүү үчүнбү же депутат маалында капчыгын калыңдап алыш үчүнбү Жанат мырзага маселелерди көп койот. Министр Жанат Бейшенов кытайлыктарга жакшы шарт түзүп берип жатканы соцтармактарда көптөн бери белгилүү болгон. Мисалы, аудиттин эсептегенине караганда Бишкек—Кара-Балта жолунда иштеген гараж башчысынын айлыгы 800 миң сом же 11 миң 500 доллар, заправщиктин айлыгы 400 миң сом же 5700 доллар экен. Булардын көзөмөлүндө 10 эле машина бар. Эгер 3000 сом айлык алган биздин техкызматкерлердин айлыгын санасак бир кытайдын алганын ОТУЗ-КЫРКка чукул жылда алат. Биздин кызматкерлер 30-40 жылда ыйлап-сыктап алганы кытайлык завгардын бир эле айлыгы экен. Ушул министрден эмнени үмүт этсе болот?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости