www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда сотторду реформалоо боюнча мыйзамдар кабыл алынган. Бирок, кечээ “сот 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген жаранды бошотуп жиберди” деп айтылганына күбө болдук” – деп билдирди бүгүн, 5-июнда депутат Марлен Маматалиев “Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын жыйынында.

“Жакында комитеттин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жаш балдарды зордуктоо боюнча 11 факт бар экенин айтып берген. Өзгөчө кечээ чыккан маалымат боюнча Башкы прокуратура айтсаңар, эмне себептен шектүүлөр боштондукка чыгып кетип жатат? Бул бизге белгилүү болгону эле, а билинбегени канча?” – деп сурады депутат.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев ЖМКларда Жогорку соттун чечими жарыяланганын, учурда иш каралып жатканын маалымдады.

“Каралып жаткан ишке комментарий берүү туура эмес болуп калат. Туура, мындай фактылар бар, мыйзамдарды да өнүктүрүү керек” – деп билдирди Нурлан Дүйшембиев.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашева сот 13 жаштагы кызды “Бишкек парктын” дааратканасында зордуктаган 22 жаштагы баланы эркиндикке чыгарып койгонун парламенттик жыйында айтып чыккан.

Жогорку соттун билдирүүсү боюнча, Биринчи Май райондук соту тарабынан айыпталуучу Б.Ш. ишинде кылмыштын курамы жоктугу үчүн акталган. Ал эми Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.

Учурда Бишкек шаардык прокуратурасынын кассациялык арызына ылайык, кылмыш иши Жогорку сотто каралып жатат. Бул ишке байланыштуу соттук отурум 20-июнда болуп өтөөрү айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости