www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ата мекендик компанияларга беткаптарды жана антисептиктерди өндүрүүнү ыкчам баштоого көмөктөшүү зарыл. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына берилди. Мындай маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы жарыялады.

Жыйындын жүрүшүндө үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.

Белгилүү болгондой, COVID-19 илдетин жуктургандардын бири инфекцияны шаардын үч ири базарынын биринен жуктурушу мүмкүн. Буга байланыштуу муниципалитетке бардык көзөмөлдөөчү санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү сунушталды. Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалууда, көпчүлүк жарандар беткап тагынбай жана аралыкты сактабай жатышат.

Бишкек мэриясынан маалымдашкандай, калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилген, ага ылайык бул мекемелердин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти алат. «Дордой» базарында күн сайын дезинфекциялоо жүрүүдө.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачууга даярдоо боюнча маалыматы угулду. 

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова тиешелүү алгоритм иштелип чыккандыгын, санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилгенин,  социалдык аралык эрежелерин сактоону эске алуу менен жаңы ыкма иштелип чыккандыгын билдирди.

«Биз усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралыкты сактоо эске алынган оюндарды киргизип жатабыз. Кийинки жумада тарбиячылар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Биз ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде баланы карай турган адам болсо, анда коопсуздук максаттарында баланы үйгө эле калтырган оң болот», - деди ал.

Министрдин орун басары мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестти тапшырууларына даярдык көрүү иштери тууралуу айтып берди. Быйыл бул тестти 41 миңден ашуун адам тапшырат. Тест алына турган имараттарда тийиштүү аралык сакталып, санитайзерлер орнотулат, тепловизорлор менен дене табы текшерилип, медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат. 

Республикалык штаб жарандарды COVID-19дун белгилери байкалган учурда өзүн-өзү дарылабастан, медициналык мекемелерге, 112 (ӨКМ) жана 118 (Бишкек) колл-борборуна кайрылууга чакырат. 

«Коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынгыла жана Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарына кош көңүл карабаңыз. Иммунитетти көтөрүп, социалдык аралыкты сактаңыз», - штабда деп белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости