www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик көзөмөл кыймылынын түштүк аймагы боюнча координатору Роза Маманова Баткен областынын губернатору Акрам Мадумаровдун коррупциялык иштерге малынганы, коррупционерлерге бир топ Баткендин кен байлыктарын карматып жибергени, кытайлык инвестордун Жалил Атамбаев, Акрам Мадумаров үчөө жайлоого чыгып, белгисиз жагдайда каза тапканы, ал түгүл Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаевдерден бери аралашып кеткен бир топ былык иштер тууралуу жогорку бийлик өкүлдөрүнө видеокайрылуу жасады.

“Ууру, “жети баштуу ажыдаар”, коррупционерлердин башчысы, Атамбаевдин доорундагы Сапар Исаковдун калкалоосу менен Баткендин губернатору болгон Акрам Мадумаров миллиондорду бийликке ташып, кошомат кылуу менен Баткен областындагы кыргыз элине, кыргыз мамлекетине таандык болгон кен байлыкты сатты, уурулардын колуна карматты. Өкмөттүн бир топ жерлерин мыйзамсыз сатып, бюджеттин акчасына кол салып келет. Мадумаров Кадамжай районунда аким болуп турган кезинде “Даарат-Коргон – Үч-Коргон” жолун курдук деп 46 мекеме-ишканасы менен биргеликте миллиондогон акчаларды жеке кызыкчылыктарына, өз пайдаларына жумшашты. Бул боюнча Баткен элинин жазган арызы каралбай, Башкы прокуратура кылмышты жаап олтурат...”

Толугу менен төмөнкү видеокайрылуудан көрө аласыздар.

 

 

Последние новости