www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күндүн темасы болгон, ЖК депутаты Өмүрбек Текебаевди колдон-буттан алып УКМКнын абагына тыккан “Мегаком” чырын, экс-депутат Садыр Жапаров тамагы айрылганча кыйкырып, ЖК жыйынында эки мүнөттүк сөз ала албай кыйналганын атайын архивдик тасмалардан эске салсак болот.
Баамдап карасак Садыр Жапаров беш жыл мурда парламентте чырылдаган “Мегакомдун” бүтпөгөн жомогу бүгүн, Ө.Текебаевди УКМКнын сүргүнүнө сүйрөдү. Ошол кездеги спикер Асылбек Жээнбеков инвесторду калкалаган экен. Анда, кой оозунан чөп албаган Асылбек Жээнбеков дагы камалабы? – деген суроо жаралат.
“Мегакомдун” 49 пайызы 2010-жылы апрель окуясынан кийин мамлекетке улутташтырылган жана калган 51 пайызы Елисеевдин карамагында болгон. Ошондо жаңы эле камактын торуна түшкөн дасыккан юрист Өмүрбек Текебаев тигилерге жан тарткандарды да тартып кетпегей эле...
Булак: NazarNews.kg
Кеңири маалыматты төмөнкү тасмадан көрө аласыздар;