www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирак армиясынын террор уюму ДЕАШтын колунан алыш үчүн операцияларды ылдамдаткан Мосул шаарына жакын жерде кишилер тобу менен көмүлгөн көрүстөн табылды.

Тобу менен көмүлгөн көрүстөндө 4 миңдей кишинин сөөгү болушу мүмкүн экени божомолдонууда...

Мосул-Багдад автожолунун дароо тышында орун алган жана Мосул шаар борборуна 8 км алыстыктагы кишилер тобу менен көмүлгөн көрүстөн, Иракта ДЕАШ террору алып келген эң чоң тобу менен көмүлгөн көрүстөндөрдөн бири болушу мүмкүн.

Ирак күчтөрү колго алган бул аймакка кирген Англиянын «Телеграф» гезитине маек берген көргөн күбөлөр, көпчүлүгүнүнүн атылып чуңкурга ыргытылганын билдиришти.

ДЕАШтын бул кишилерди микроавтобус, жүк ташуучу унаа жана башка унаалар менен аймакка алып келип өлтүргөндөрүн айткан күбөлөр, өлтүрүлгөн кишилердин колдорунун жана көздөрүнүн байланганын белгилешти.

Бул кыргындын 2014-жылдын акырларында болушу мүмкүн экендиги божомолдонуп жатат.

«Телеграф» гезитине караганда террор уюму, туткунга алган полиция жана аскерлерди шаарды колго алгандан кийин 6 ай өтпөй өлтүрө баштаган.

ДЕАШ Мосул шаарын 2014-жылдын 10-июнунда басып алган.

Ирактын армия бөлүктөрү, Пешмерге күчтөрү жана көпчүлүгүн Башика лагериндеги түрк аскерлери машыктарган Нинова сакчылары болуп Мосулдун ДЕАШтан тазаланышы үчүн 17-октябрда операция жүргүзө баштаган.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости