www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ашхабадда түрк оппозиционери менен байланышы бар делген ишкер Довлет Атаевдин “А-Маркет” аттуу соода борбору жабылды. Бизнесмен болсо февралдын башында 25 жылга түрмөгө кесилген.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, 300 чарчы метр аянтты ээлген супермаркет 25-февралда жабылып, эшиктерине мөөр басылган. Айрым маалыматтар боюнча соода борборунда 50дөй киши иштечү.

Түркмөнстанда 8-9-февраль күндөрү жалпысынан 30дай киши, алардын ичинен соода жана ресторан түйүндөрүнүн ээлери соттолушкан.

Былтыр жайында Түркмөнстанда түркмөн-түрк лицейлери жана Түркмөн-түрк университети жабылган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости