www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокат районунан Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Бүгүн, 3-декабрда, ыкчам-тергөө аракеттеринин алкагында милициянын старшинасы К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен колго түштү.

Арыздануучу жол эрежесин бузгандыгы үчүн К.З. аттуу инспектор андан 2 миң сом алып, дагы 8 миң сом пара талап кылып жатканын билдирген. Ошондой эле паспортун дагы алып койгонун айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча каттоого алынганы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости