www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эстетикалык гинекология – бул хирургиянын жаңы, бирок тездик менен өнүгүп келаткан бутагы. Ал аялдык органды жашартууга багытталган көптөгөн процедураларды өзүнө камтыйт. Жаратылыштан берилген өзгөчөлүк, төрөттөр, жаш курактын жогорулашы, ден соолукта жаралган маселелер аялдын жыныс органын терс жагына өзгөрүүгө дуушар кылат. Медицинада мына ушул өзгөрүүлөрдү өз калыбына келтирүүнүн бир нече ыкмалары бар. Алар тууралуу “Айкөл” медициналык борборунун акушер-гинекологу Бактыгүл Максутова айтып берет.

G чекитин аугментация кылуу

Жыныс кынынын кире беришинен 3-5 сантиметр алыстыкта нерв талчаларынын чогулган жери бар. Бул G чекити деп аталат жана аялды дүүлүктүрүүчү эрогендик зона болуп саналат. Айрым аялдардын G чекити жеткиликсиз жайгашкандыктан, алар оңойчулук менен дүүлүгүшпөйт.

G чекитин аугментация кылуу – гиалурон кислотасы менен зонаны толтуруу. Бул хирургиялык операция эмес. Мындай процедурадан кийин G чекитинин көлөмү чоңоюп, жыныстык катнаш учурунда жеткиликтүү болуп калат жана жыныс кыны тарыйт.

Лабиопластика

Лабиопластика – аялдын картаюусунан же төрөттөн улам чоңоюп, салаңдап калган жыныстык илебин коррекциялоо. Ар бир аялдын жыныстык илебинин көлөмү ар кандай болот. Бирок убакыттын өтүшү менен гормоналдык өзгөрүүлөргө, жаракат алууга жана башка себептерге байланыштуу айрым аялдардын жыныс илеби өтө эле чоңоюп кетет. Бул бир гана эстетикалык ыңгайсыздык жаратпай, сексуалдык сезимталдыктын төмөндөшүнө да таасирин тийгизет. Лабиопластика мына ушундай маселелерден арылтат. Бул операциядан кийин 3 жумага чейин жыныстык катнашка барбоо, 2 жума спорт менен машыкпоо, мончо, бассейнге түшпөө зарыл. Жыйынтыгы көп жылдарга чейин сакталат.

Заараны кармай албай калууну дарылоо

Аялдардын заарасын кармай албай калуусу – жаш куракка карабай өтө кеңири таралган көйгөй. Чүчкүргөндө, жөтөлгөндө же жөн эле басып баратканда күтүлбөгөн жерден зааранын чыгып кетишине кабылган айымдар көп кездешет. Эстетикалык гинекологияда бул маселе да гиалурон кислотасынын жардамы менен чечилет.

Перинеопластика

Перинеопластика – кеңейип кеткен жыныс кынын тарытуучу операция. Жыныс кыны, адатта, төрөт оор болгондо же болбосо табигый жол менен удаа-удаа төрөгөндө кеңейип кетет. Ал эми 50 жаштан өткөн аялдардагы мындай өзгөрүүнү табигый көрүнүш десе болот. Анткени бул курактагы аялдардын организминде ткандардын серпилгичтигине жооп берүүчү эстроген гормону азая баштайт. Ал эми операция ар кандай жаш куракта жакшы натыйжа берип, жыйынтыгы 3 жылга чейин сакталат.

Булак: Леди.kg

Последние новости