www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"КАДР САЯСАТ ОҢОЛОБОЙТ ОКШОЙТ! АНСЫЗ МАМЛЕКЕТ ОҢОЛБОЙТ!

Же бизде "Кадрларды либералдараштыруу  саясаты" жүрүп жатабы? Эми саясатындагы сокурлук менен "гейчилердин" идеологу Рита Карасартованы мамлекеттик идеологияга, болгондо да жаш кесиптик жеткинчектерди окутуу таалимдөө сферага куратор коюшканын карап койгула? Адам түгөнүп калган болсо да!  Ансыз да Билим берүү жана илим министрлиги батыштык бузуку долбоорлордон башы чыкпай келе жатканы маалым...  Ал жерге элдик саясатты, улуттук маданиятты, улуттук кайра жаралуу идеяны жакшы билген мекенчил таза кадр келсе жакшы болмок.

Мисалы, мындай тарыхый жооптуу кызматтарга: Камила Талиева, Нургазы Мусаев, Айбек Бусурманкулов... сыяктуулар келсе болбойбу?!  Мамлекеттик Тарых музейге да татыктуу тарыхчылар бар го: Кененсариев, Молдокасымов, Бөдөш Мамыроваларды койсо болбойбу? Кадр саясатта бийликтин башы айланып, чындык "кыбыласын" жоготуп койду.  Бул кетишинде премьерликке Раим миллионду алып келүүдөн кайра тартпайт! Спикерликке дагы бир акчалуу магнат бизнесменди алып келишет окшойт. Анан батыштык долбоор жүгүнүп: Роза Отунбаеваны, О.Текебаевди, Р.Жээнбековду.... да Ак үйгө кийирип алышса, баарынын турсалары Ак үйдүн терезесине жайылат",-деп Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Базарбай Темишов жазып чыкты. 

Последние новости