www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги ызы-чуулуу “жылаңач” көргөзмө Гапар Айтиев атындагы сүрөт жана искусство музейинин директору-Мира Жангарачеванын иштен бошошу менен аяктады.
Көргөзмөнү уюштурган активист болмуш Алтын Капалова журналисттерге берген интервьюсунда Жангарачеваны “ал жылаңач моделдер көргөзмөгө катышарын билген эмес”,- деп айтты.
Башкача айтканда, Даниялык сүрөтчү аялдын жылаңач көргөзмөгө катышарын көрүүчүлөр, анын ичинде ошол көргөзмөгө көрүүчү катары барган Жангарачеванын балдарынын да кабары болгон эмес.
Өзү эми музейдин мурдагы жетекчисине айланганы менен, аны “уктатышкандыгы” жөнүндө комментарий берген эмес.
Ызы-чуулуу көргөзмөнүн уюштуруучулары эмнени жашырышууда? Мүмкүн музейдеги “жылаңачтардын” “гонорарынын суммасынбы”?
Белгилүү болгондой, Мира Жангарачеванын карьерасынын талкаланышы Акаевдин убагына барып такалат. Туруксуз бул аял буга чейин жогорку кызматтарда иштеп, дайыма ызы-чуу менен кызматтан кеткен. Бирок, аны эл аралык уюмдар “тандашкан”. Жангарачева көптөгөн жылдар бою ПРООН, NED, Сорос фонду сыяктуу инстутуттар менен активдүү иштешкен.
Азыр бизге белгилүү болуп жаткандай, жогорудагы уюмдар белгилүү фамилиядагы аялдарды курал катары пайдаланышууда. Анын ичинде Ширин Айтматова, Роза Отунбаева жана Мира Жангарачева да бар. ПРООНдун ишенимдүү өнөктөшүнүн жетекчилиги астында ызы-чуулуу көргөзмөдө жылаңач денелерин көрүүчүлөргө жана ондогон Ата Мекендик камераларга көрсөткөн.
Уюштуруучуларга музейдин залын ижара алуу акысы канчага түштү? ПРООНдун өнөктөштөрү Отунбаева менен Жангарачева канча гонорарга “отурушту”?
Ушундай акциялардын кураторлору катары булардын миссиясы кандай? Жат адамдардын баалуулуктары дагы кайсы аянтта пропагандаланат? Провакациялар, элди бири-бирине кайраштыруу дагы уланабы? Азырынча, коомчулук бул суроого так жооп ала элек. Коомчулук түшүндүрүүнү талап кылат жана жакынкы келечекте аларды эмне күтүп тургандыгын билүүгө укуктуу.
Булак: NazarNews.kg