www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги күндүзгү ооруканада дарыгерлерге жардам берген пакистандык студент Аббас Али Шах достору менен тоодо токмоктолгону буга чейин маалым болгон. Ал арыз менен милицияга кайрылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБи билдирди. 

Мекеменин маалыматына караганда, арыз менен бир нече киши кайрылган. Шектүүлөрдүн өздүгү такталган. Аларды кармоо иш-аракеттери жүрүп жатат.  Аббас Али Шахтын мурду сынган жана ага операция жасалышы керек. Жалпысынан пакистандык жигиттердин саны 10 чакты болгон. Алардын дагы бирөөсү комада жатканы айтылууда. Окуя Кой-Таш айлындагы "Jannat Resort" мейманканасынын жанында болгон. 

Эске сала кетсек, дарыгерлерге жардам берүүнү каалаган Эл аралык медициналык жогорку мектептин бешинчи курсунун студенти Аббас Али Шах жумушка стационарга жумушка алынган. 

Окуя болуп жаткан учурда пакистандык студент деп болжонгон бирөөсүнүн эпилепсиясы кармап калган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости