www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы—Кочкор унаа жолунда катталган жол кырсыктан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү каза болгон. Ал эми кырсыктан жабыркап, учурда оор абалда ооруканада жаткан балага ортопед Сабырбек Жумабеков жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу  журналисттерге Сабырбек Жумабеков өзү билдирди.

Анын айтымында, ал жабыркаган баланын жакындары менен байланышкан.

“Учурда ата-энеси жана жакындары жол кырсыгынан каза болгон бейтап Балыкчы шаардык ооруканасында 11 күндөн бери абалы оор бойдон жатат. Мен жакындары менен байланышып абалды түшүндүрдүм. Бишкек шаарына жеткирүүгө учурда карап жаткан дарыгерлери жоопкерчилик алса, биз аны 24 саат боюу кабыл алганга даярбыз. Кырсыктан кийин кабыргалары сынып, өпкөсүнө катуу доо кетип, улам суу толуп жатат экен. Андыктан алып келүү чечими жергиликтүү дарыгерлерден көз каранды”, - деди Жумабеков.

Эске сала кетсек, бейтаптын чоң апасы Кулия Токтосунова "Үй-бүлөдө туяк калсын” деп кайрылып, адистен небересинин саламаттыгы үчүн жардам берүүнү суранган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости