www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуу Жунис Бекжанов Өмүрбек Бабанов тууралуу билдирүү жазып чыкты.

"Кайран гана мурдуна бок сүйкөлгөн кыргызым" деп раматылык Дооронбай Садырбаев айткандай, чын эле качан, кайсыл убакта мурдубузга бок сүйкөлүп, ушундай ээрчиме элге айланып калдык. Колхоздун бир короо койлору болчу эле, алдыда баштап кетип жаткан серке кайсы көздөй жөнөсө, артынан ээрчип кете берген. Эгер серке жардан таштаса, артынан жабыла баары жардан секирген ошол бир короо койлорго эле окшоп калыптырбыз. Каяктагы мекенден безип сыртта жүргөн бирөө эки ооз сөз жазып, Бабановду тактын чыныгы ээси деп койсо, жабыла жата калышып "Бабанов" деп шилекейлерин агызышат, тобоо кылдым.

Биринчиден, бул сөздү ким айтып жатат, Мирбек Айтикеев деген неме ким, эмне иш кылат, азыркы учурда ким каерде жашайт деген суроолор башыбызга деле келбейт. Ар кимиң өзүңдү Али Токтакуновдун, ушул Мирбек Айтикеевдин ордуна койгулачы. Булар деген өз көлөкөсүнөн өздөрү коркуп, куугунтук жедим деген шылтоо менен сыртка качып кеткендер, башкача айтканда өлкөнү чангандар, чет жакта жашагысы келгендер.

Булар чет жактан “убежища” алыш үчүн Кыргызстанды кандай жаман көрсөтүп поктошун элестетип көрдүңөрбү? "Мен ушулардай болуп туулган жерди таштап кетет белем" деп ар бириң ойлоп көргүлөчү. Менимче эч ким таштабайт. "Башка салганды көрөм" деп эч жакка качпайт.

Экинчиден, "Бабанов эле Бабанов" деп түн уйкусунан ойгонгон Бабановдун фанаттары, силердин да башыңарга: "Бабанов кыргызга күйөбү, кыргыз элин алдыга баштап кете алабы" деген суроо келбейби?

- Коронавирус каптап, адамдар өлүп, элдин териси жукарып, оорукчандарда дары-дармек жетишпей турган чакта, дефицит дарылары толо кампасын жашырып, дарыларды үстүнө үстөк кошуп саткан Бабанов президенттик тактын чыныгы ээси болуп калабы?

- Өзбек туугандарга жолугууга барган учурда, башындагы калпакты чечип барган Бабанов кыргызды жакшы көрөбү? Бул жерде анча мынча акылы толук эмес адамдарга түшүнүксүз болгон өтө “тонький” былгытма политика ойноп жатканын силер сезесиңерби? Бир жолу башына ала допу кийип эле барбаптыр, ошончо болгонго жараша.

- Паралменттик шайлоодо түштүктөгү өзбек туугандардын “голосун” алуу үчүн, сыртта качып жүргөн сепаратистин кызын партиясына кошуп алган Бабанов эми силерге сонун президент болуп береби?

- Он Адырда өзбек туугандарга: "мен президент болсом, силердин чекеңерге эч ким черте албайт. Кана, бирөө жарымыңды чертип көрсүнчү, баарыңар тегиз чыккыла, тизелеп олтуруп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы" деп ачык эле чакыруу жасаган (логистикалык текшерүү кантип бул жерден улуттар аралык кайраштыруу дегенди таппай калганы мага табышмак) адам кыргызга күйөт деп кайсыл көк мээ ойлойт? Ойлоп көргүлөчү, өзбек туугандардын чекесине ким чертиши мүмкүн, кыргыздардан башка? Тике туруп кимге каршы чыккыла деп жатат? Бир башыңарды иштетип ойлоп көргүлөчу.

- Президенттик шайлоодон өтпөй калып, эч ким мышыгын пыш дей электе эле Москвага качып кеткен коен жүрөк Бабанов, баатыр эл кыргыздарды башкарабы?

Кызыл көрүп калсаңар эле жабыла өзүңөрдү таштай бербей, бул эмне болгон буюм эле деп, алдын ала ойлонуп көргүлөчү. Ачык эле айтайын, эл арасында " Бабанов сулуу" деп Бабановдун көркүнө кызыгышып добуш берген “дуралар” толуп жатат. 2017 жылы президенттик шайлоодо Бабанов алган 600 миң голостун тең жарымы ошондой, сулуулук үчүн голосун бергендер, как будто шайлап койсо эле, Бабанов ошол “дураны” карап кала тургандай. Кайсыл бир “дураңа” карап жетишсин жалгыз Бабанов?

Кыргызстаныбыз мындан да төмөн акыбалга түшүп кетиш үчүн, бизге Бабанов эле жетпей жатат эле.

Сөзүмдүн акырында президентибиз Жээнбековго шайлоо алдында айткан сөзүн эскертип коеюн дедим эле: "Президент болсом, коррупция менен күрөштү, сенден баштайм" деп Бабановго айткансыз. Бабановдо текшере турган нерселер тоо болуп тыгылып жатат. Бабанов президенттикке эмес, парламентке барышка моралдык акысы жок. Анын үстүнө, өзүнүн да "саясаттан кеттим" деген сөзү бар. "Жолборс изинен, жигит сөзүнөн" деп коет өзбек туугандар. Ал эми кыргыздар: бир күн оору, бир күн соо болгон Алымкандай болбой, кетем дедиңби кет Бабанов. Мүмкүн ошондо элдин сыйына ээ болорсуң”-деп билдирүү жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости