www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте жана Ошто ар бири жүз орунга эсептелген бирден жаңы оорукана ачылат. Аларды салууга тез курулуучу конструкциялар колдонулат. Бул тууралуу 20-июлда президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен өткөргөн онлайн кеңешмеде айтылды.

Бишкектеги оорукана Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын аймагында ачылат.

Кеңешмеде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал талкууланып, дары-дармек тартыштыгын жоюу чаралары тууралуу сөз болду.

Боронов Өзбекстандан Гепарин дарысынын бир партиясы келгенин, жакын арада Кытайдан бир топ дары-дармек келерин, Индиянын жана Ирандын фармацевтикалык заводдору менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтты.

Жээнбеков стационарлар менен обсервациялык жайларды дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыздоо, мурдагы “Ганси” базасынын ордунда ачылган «Семетей» обсерваторундагы кемчиликтер, алыскы аймактарды тийиштүү каражаттар менен камсыз кылуу, гуманитардык жардамды бөлүштүрүү тууралуу элге толук маалымат берүү жана дезинфекциялоо ишин күчөтүү маселелерин көтөрдү.

Өкмөт башчы Боронов “Семетейде” көзөмөл күчөтүлгөнүн, жетекчиси алмаштырылганын белгилеп, өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды жөнгөрүү багытында жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда бул инфекция 27 143 адамга жукту, алардын 13 109у айыгып чыкты, 1 037си каза тапты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости