www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата-Журт" саясый партиясынын лидерлери Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев 8-март аялдардын Эл аралык майрамы менен куттуктады. 

Төмөндө Куттуктоонунун тексти толугу менен:

Урматтуу энелер, эже-карындаштар!

Асылзаада айымдар!

Сиздерди 8-март –Аялдардын эл аралык майрамы менен «Ата Журт» саясий партиясынын лидерлери Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев чын дилибизден куттуктайбыз.

Эне!.. Аял!..Бул сөздө ааламдын башталышы, дүйнөнүн жаралышы жатат. Аялзаты бар үчүн тирүүлүк чеги жок узарып, адамзат ааламдын ээси катары жашап келет.

"Аял үйдүн куту" дейт кыргыз. "Аял жакшы эр жакшы" деген ата-бабаларабыз. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, «Бейиш эненин таман астында» дейт элибиз.

Анткени, Аял-эне, Аял-жар, Аял-үйдүн куту, коомдун туткасы! Ошондуктан элибиз эзелтеден бери аял затын үйдүн куту, очок ээси, жароокер жар, мээримдүү эне, акылыңа-акыл кошкон аруузада, асылкеч деп баалап келген.

Ар бир үй-бүлөнүн бакыты, бакубат жашоосу айымдардын колунда. Анткени, баарыбыз бул дүйнөгө эне мээриминен, анын аалам көтөргүс улуу мээнетинен келгенбиз...

Урматтуу асылзат айымдар!

Эне деген ыйык сөзгө таазим этүү менен баардык айымдарды 8-март майрамы менен чын-дилибизден куттуктайбыз!

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, узун-өмүр менен кошо жан-дүйнө сулуулугун, табигий ажарды жана аялдык улуу бакытты каалайбыз. Өчпөс коломто ээси болуп, турмуштун улуу көчүн мындан ары да улай беришиңиздерге чын-дилибизден тилектешпиз.

Бар болуңуздар, асылзат энелер жана асылзаада айымдар!

Сиздерди терең урматтообуз менен “Ата-Журт” саясый партиясынын лидерлери Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости