www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-март күнү көзү тирүү болгондо алпаруучу, ди-джей Салтанат Саматова 47 жашка гана чыкмак. Узакка созулган оорудан улам былтыр 2018-жылы 15-август күнү көз жумуп, акка моюн сунган эле. Атасы Орозобек Түгөлбаев менен эскерүү маегин кылдык.

- Биз билгенден Салтанат кичинекейинде эле чыйрак чоңоюп, чоң апасы баккан экен.

- Байбичем экөөбүз тең Кочкор жергесинен болобуз, кошуна айылдан дегеним. Мен Мантыштан, ал Кызыл-Дөбөдөн. 1965-жылы баш кошкон кезде мен 20да, байбичем 16да эле. Балдарыбыздын экинчиси Салтанат, кийин дагы үч уулдуу болдук. Салтанат өзү кичинесинен зирек, чыйрак чоңойду. Чоң апасы бакты. Жонуна кондуруп алып бирге айылчылашат. Көчөгө чыкканда «Ленинде бир кыз бар, чекесинде жылдыз бар. Анын аты - Салтанат, караган киши жалтанат» деп ырдачу экен. Москвадан «Время» телеберүүсү башталганда Кремлдеги курант сааты орнотулган мунараны көргөзөт эмеспи. Кошуна айылдын көрүстөн-мүрзөлөрүн окшоштуруп, анан колу менен ошол жакты жаңсап, «Мен чоңойгондо тетиги Москвада окуйм» деп айтып атпайбы. Биз «кой, ал Москва эмес» дечүбүз. Оозуна сала бергендей болуппу, бир жагынан эрте өтүп кетти...

- «Саматова» деген фамилияны көпчүлүк эл биле бербейт, ушуну айта кетсеңиз?

- Бир жылдары «Европа плюс» радиосунда иштеп калды. Ошол жерден эл оозуна алынып, жумурай журтка тааныла баштады. Радионун ээси орустар экен. Алардын тилдери келбейт «Туголбаева» же «Тугелбаева» деп айтыш керек. Жетекчиси «псевдоним караштырып көрбөйсүңбү, атыңа уйкаш, кыска, угумдуу болсун» дептир. Өзү изденип көрүп «Салтанат Саматова» десе, радио жамааты жактырыптыр. Ошону менен Салтанат Саматова болуп оозго тез арада алынып кетти.

- Салтанат канча жыл оору менен алпурушту, ал илдет кайдан жабышты?

- Жети жыл алпурушту. Жети жыл бир тең, акыркы жети жума

бир тең болду. Илдеттин жабышканын кайдан деп болбойт. Кичинекейинде нандын күйүгүн жакшы көрүп жеп эле атчу. Ал рак оорусун чакыруучу фактордун бири катары медицинада айтылат экен. Бул эми миллиондон бири болушу мүмкүн. Салтанаттын кулк мүнөзүндө бир да адамды жаман көргөн жагы жок эле. Ар дайым позитив жаратканы жараткан. Ошондон улам адамдагы терс энергияларды өзүнө соруп алып, ар дайым оң энергияны элге чачып турчу. «Элден алган терс энергиялар чогулуп отуруп ошо илдетти өзүнө чакырып алдыбы?» деп да божомолдоп коём.

- Доктурлар эмне деген диагноз коюшкан?

- «Недифференцированная карцинома» деген диагноз койду. Бул эми жанагы аты жаман оорунун бир түрү. Очогу бир жерде эмес, бир нече жерде: өпкөсүндө, мээсинде, бөйрөгүндө дегендей. Бир жерде болгону жакшы тура. Ошо жерге операция кылып, дарылап, айыктырып койгонго мүмкүн экен. Ал эми ар кайсы жерде болгондуктан терапиялык ыкма менен гана нурлануу, химия алып жүрдү. Негизинен Түркиядан көпкө дарыланды. Бир учурда доктурлар «кичине эс алгыла» дешти. Ошол учурда башы ооруп, интернет аркылуу Санкт-Петербург шаарында илим-изилдөө институтун таап алыптыр. Аз өтпөй жолдошу менен барып келишти. «Биопсия алып биякка жибергиле. Текшеребиз, дарылайбыз» деген экен. Акмактар аябай азгырышыптыр.

- «Биопсия» дегени эми жанагы илдет жабышкан жерден кичине ширеңкенин башындай алуу болсо керек эле?

- Ии, ооба, ооруган жерден кичине ийненин учундай үзүп алуу. Бул жакка келери менен биопсия ала турган жерди издеп убара болушту. Онкология албайт экен. Жеке менчик оорукана таап, көкүрөгүнөн операция кылып, өпкөсүнөн чоң эле аткып алып коюшуптур. Мына ошондон баштап балам оңбой калды. Төшөккө жатып калды. Мындай эч качан болгон эмес. Химиясын же нурун алып коюп иштеп, «мен ракты жендим» деп жаркылдап-жайнап жүрө берчү. Алгач бир бөйрөгү, анан экинчи бөйрөгү иштен чыкты. 2018-жылдын август айына чейин интернетке кирип, достору менен сүйлөшүп атты. Күтүүсүздөн метастаза кетти. Акыркы жети жума аябай кыйналды. Ошону менен жашоого эркин жоготту. Ага чейин катуу күрөшкөн. Үмүтүн үзгөндө мени чакырып алып, «болду ата, күрөшпөйм. Моюн сундум. Кайгырбагыла, коркпогула! Дайыма позитив менен жашагыла» деген акыркы сөзү азыр да кулагымда угулуп турат...

- Төшөктө жаткан учурда сиз менен эмне деп сүйлөшүп атты?

- Бир өксүгү калды. «Ата, мен ооруну жеңем, мен күчтүүмүн. Айыгам, анан уулумду үйлөнтөм, кызымды турмушка берем. Алардын бактылуу күндөрүнө күбө болуп, баарыбыз бирге болобуз. Жыргал жашоо келет, айыгам» дегенди көп айтты. Бирок, болбоду, шум ажал кызымды колуман жулуп кетти. Жер муштап кала бердим. Эң оболу, ата-эненин өз баласын жоктоп, ботодой боздоп, мүрзөдө өз колу менен топурак салган... Мындай азап жашоону эч бир ата-энеге каалабайм. Эне-синиң көз жашы эмгиче кургай элек. Айла жок, айла жок...

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: АЗИЯnews

Последние новости