www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын Октябр районунун аймагындагы таштандыы төгүүчү жайларда пластикалык бөтөлкөлөрдү салуу үчүн атайын үстү жабык контейнерлер орнотула баштады.

Бишкек мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин 7-мартта билдирүүсүнө ылайык, бул решеткалуу контейнерлерди пластик буюмдарды чогултуу менен алектенген жеке компаниялардын бири орноткон.

Бул маалыматты “Тазалык” муниципиалдык ишканасы да тастыктап, алардын бул контейнерлерди орнотууга тиешеси жок экендигин билдирди.

"Бул  контейнерлердин бизге эч кандай тиешеси жок. Аларды жеке компаниялардын бири орнотту. Бишкектин Октябрь районунда таштандыларды ташуу иштерин жеке ишкана жүргүзөт”,- деп маалымат берди “Тазалыктын” пресс-катчысы  Жибек Каракеева.

Мэриядан таштандыларды бөлүп кабыл алуу демилгеси толук колдоого алына тургандыгын билдиришти. Мындай демилгени Октябрь районунун акимчилиги да колдоого алат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости