www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов "Мегаком" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине эмненин негизинде жогорку айлык коюлганына кызыкты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
- "Мегакомдо" иштеген 1500 кишинин орточо айлыгы 66 миң сом экен. Ал эми жетекчилеринин айлыгы 20 миң долларга чейин экен. Кандай көрсөткүчтүн негизинде мындай айлык коюлган? Ишкананын демөөрчүлүк чыгымдары бир жылда 40 млн. сомго жакын экен. Мендеги маалымат боюнча бул акчаны өз айылына, туугандарына жумшайт экен, - деди эл өкүлү.
Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жооп берип, бул маселе жакында чечилерин маалымдады. Кыргызстанда орточо айлык 14-15 миң сомду түзөт.
Парламент бүгүн, 14-июнда өкмөттүн 2017-жылдагы отчеттун талкуулап жатат.
Булак: NazarNews.kg