www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште Бишкек жылуулук электр борбору боюнча талкуу болуп, аттиштин басы ачыкка чыгып, ал тургай мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, Осмонбаев Артыкбаев, Айбек Калиев баштаган бир катар аткаминерлер камалып, дагы бир топтору суракка чакырылган алынды.

Эми өз кезегинде Жантөрө Сатыбалдиев менен Бишкек шаарынын мээри Албек Ибраимов камалганы турат.  

Ошентип, Кыргызстандагы катылган коррупциянын бетин кыш мезгили ачып, бир топ “уурулардын” бети ачылды.

Баса, "Бишкектин Жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) сатылып алынды" деп, түйүнчөгүн түйүп аттиштерин Жогорку Кеңешке көтөрө келген аталган ишкананын азыркы директору Андрей Воропаев, 120 депутатты ал тургай бүткүл кыргызстандыктарды Жогорку Кеңештин жыйындар залында, “мындай аттиштин топтому экөө эле, кытайлыктар аны аттиш деп коет. Топтом 320 доллар турат”, деп алдаган.

Дагы калпым чыгып калбасын дедиби, айтор Кызыгы Андрей мырза, эки жума мурун ЖЭБдеги кызматкерлерине жана анча-мынча аткаминерлерди чакырып, "Чуңкурчак" эс алуу комплексинде жылкы союп, кан чыгарып, түлөө өткөргөн. Түлөөсү кабыл болду окшойт ТЭЦ боюнча акыркы күндөрү күлүк аттардын таскагы басаңдап бараткандай.

Андрей мырза түлөөңүз кабыл болуптур, коркпой иштей бериңиз. Сиз коноктогон аткаминерлер эми үн катпайт, чучук жебедиби...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости