www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламент депутаты Каныбек Иманалиев "Коргоо комитетинин төрт тик учагы Сомали мамлекетине ижарага берилгени жатат" деген маалыматты териштирип, келишим түзгөн жетекчилерди жоопко тартуу керек экенин билдирди: Бул тууралуу Азатык жарыялады.
- Экөөнү Америкадан, экөөнү Орусиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп жатышат. Кыргызстанга бир тыйын акча түшпөйт, каражат Дубайдагы эсепке түшмөк болот. Мындан дүйнөлүк беделибизге доо кетти, согуш болуп аткан өлкөгө жардам берип атабыз. Экинчиден биз аны Орусиядан жардамга алганбыз, үчүнчү өлкөгө берүүгө акыбыз жок. Үчүнчүдөн ошого кол койгон адам жооп бериши керек, бул кылмыш.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишти териштирүүгө убада берди. Парламент учурда өкмөттүн 2017-жыл үчүн отчетун угуп жатат.
Булак: NazarNews.kg