www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык блогер Михаил Литвин 13 миллион рублге бааланган Mercedes GT63 үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жиберди.

Былтыр май айында блогер өзүнүн кыялындагы Mercedes-Benz AMG GT63S унаасын 13 миллион рублга сатып алган.

Болжол менен 2 ай мурун, блоггердин унаасында биринчи жолу унаа жолдун ортосунда токтоп, тактада "текшерүү" деген жазуу пайда болгон.

Андан соң унаа расмий дилерге жеткирилген. Ал жерде көйгөй аныкталып, оңдолгон. Бир аз убакыттан кийин унаада "текшерүү" деген сөз кайрадан пайда болуп, "авария" режимине өтөт.

"Мерседес менен болгон жаңжалдан кийин мен Акуланы эмне кылсам деп көпкө ойлондум", - деп жазган блоггер.

Анын YouTube каналына жарыяланган видеодо блогер автоунаасын чөлгө айдап баратканы жана унаанын багажнигинен бензинди унаанын үстүнө төгүп, өрттөп жатканы көрсөтүлгөн. Бул видеону 3 күндө 10 миллиондон ашык колдонуучу көргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости