www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-апрель күнү Кожомкул атындагы “чирип” калган спорт сарайда Рахман Раззыков жетектеген чоң концерт болуп өттү. Так ушул концертке, апчибиз Роза Отунбаева барыптыр. Бул тууралуу маалыматты окурмандар билдирди.

"Алгач концерт башталганда эле, милициялардын саны көбөйө баштады. Биздин оюбуз жамандыкка кетти. Көрсө, Отунбаева келет экен. Анын коопсуздугун сакташ үчүн баардык жактарды бир сыйра карап чыгат турбайбы? Аңгыча эле Роза Отунбаева кирип келди. Эки көзүмдү андан алган жокмун. Отунбаева куудулдардын аткарганын көрүп, аябай күлдү. Эженин жанында Гүлшайыр Садыбакасова олтурду. Менимче Гүлшайыр Садыбакасованын саны ооруп калды болуш керек. Анткени эже кечке эле Садыбакасованын санын чапкылай берди. Концерт 3 саатка уланды, Отунбаева концертти аягына чейин толук көрдү”, дейт Айнур аттуу окурманыбыз.

Такталбаган маалыматтарга таянсак, Роза Отунбаева, мындан ары сатирик, Рахман Раззыковдун тобун каржылашы мүмкүн экен.

Баса, куудулдардын сайгылаган сатираларынан кийин, Роза Отунбаева эмне деген ойдо кетти экен. Бизге жыйынтыгы кызык болуп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости