www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Электр энергияга болгон баа көтөрүлөт. Бул тууралуу Азамат Оморов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул кадамдар электр жабдыктарын жаңылоо максатында жасалат.

"Тарифти көтөрүү боюнча сунуш учурда даярдалууда. Өкмөткө быйылкы жылдын ичинде сунушталат. Акырындык менен электр энергиясынын баасы кымбаттайт. Бул 5-6 жылдын ичинде ишке ашат. Анткени биз жылдан жылга дефицит менен жылдык отчетту жаап жатабыз. Баанын көтөрүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш", — деди Оморов.

Ал ошондой эле бул багытта калк арасында түшүндүрүү, маалымдоо иштери жүргүзүлөрүн кошумчалаган Спутник. сайты.

Эске сала кетсек, электр энергиянын баасы көтөрүлгөнү үчүн Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган. Демек, бул көрүнүш 7-апрелчилерге белек болсо керек. Суунун башында туруп, электр энергиясына жалчыбаган Кыргыз элине эми эмне деп айтабыз. Эү-үү, 7-апрелдин "лөктөрү" , анда Бакиевди эмнеге кетирдиңер?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости