www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев доорунда бажы кызматына “өлө” кызмат кылган Раимбек Матримов же “Раим миллион” Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына 2015-жылы досу Икрам Илмияновдун жардамы менен Атамбаев тарабынан дайындалганын “Азия ньюс” гезитине билдирген.

Бул Атамбаев доорунда кирешелүү тармактардагы кадр маселесин шоопур Илмиянов чечет деген калк ичиндеги аңыз кептерди ырастаган билдирүү болуп калды. “Раим миллион” Атамбаевдин президенттик мөөнөтү аяктаар замат өкмөт башчы Сапар Исаков тарабынан кызматынан бошотулган. Бошотууда Исаков “Раим миллион” ири коррупциялык иштерге аралашкан дегендей атайын чоң күмөн таштаган.

Аны тастыктоо үчүн Исаков Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов менен жолугушууда “Раим миллион” кеткенден кийин Ошто бажы кызматынын бир күндүк кирешеси 1.5-2 млн. сомдон 15 млн. сомго, Бишкекте 30 млн. сомдон 60 млн. сомго көбөйгөнүн билдирген эле. Түшпөй жаткан акчалар “Раим миллион” тарабынан уурдалып жаткандай ишаара жасалган.

31-мартта КСДПнын курултайында Атамбаев  президент Сооронбай Жээнбековго асылып, “коррупцияга каршы күрөшөм десең Раим миллиондой жакындарың болбош керек” деп, “Раим миллиондой” адамдар Атамбаев жана Икрам Илмиянов доорунда гана иштеш керек дегендей түшүнүк калтырган. Атамбаев “Раим миллион” учурунда 2017-жылы бюджетке 10 млрд. сом түшпөй калды деген.

“Раим миллиондун” икаясы болсо тереңде. Ал Бакиев мезгилинде эле Бажы тармагын бажарып жүргөн.

Апрель төңкөрүшү болгондон кийин Атамбаев менен Бекназаровдун телефон аркылуу урушуусунда дал ушул “Раим миллион” жөнүндө сөз болгону коомчулукка белгилүү.

“Раим миллион” Бакиев учурунда регионалдык бажы тармагында иштесе, андан кийин Атамбаев учурунда Бажы кызматынын чокусуна көтөрүлгөн. Агасы Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Булак: elnews.media

Последние новости