www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаровдун туулган күнүн эки күн майрамдап жүрдүк. Бул тууралуу Жапаровдун активдүү тарапташтарынын бири Бакай Кашкарбаев бүгүн, 7-декабрда социалдык тармакта түз эфирге чыгып жатып айтты.

Анын айтымында, кечээ, 6-ноябрда Садыр Жапаров туулган күнүндө “Мекенчил” партиясынын мүчөлөрү менен жолугуп, Жапаров ал жерде тарапташтарын ынтымакка, сабырдуулукка чакырган.

"Садыр Нуркожоевич дагы бир нерсе айтты, ошону айтып коёюн. Жарым саат жөн отурбай маданияттуу болгула, тиги жемкорлорго теңелбей маданияттуу сүйлөгүлө, жакшынакай жүргүлө, сабырдуу болгула деп акыл-насаатын айтып отурду.

Элге кайрылып, мындан кийин туура тандоо жасайлы, биригели деди. Менин тегерегимдегилер мурунку, кийинки деп бөлүнбөгүлө деп жатат. Мен ушуну айтып, жеткирип коёюн", – дейт Кашкарбаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости