www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, селдин кесепетинен келтирилген зыян 69 миллион сомдон ашкан. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кечээ,3-майда вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Лейлек районундагы селден жапа чеккен объектилерди карап чыкты. Ал Исфана жана Тогуз-Булак, Сумбула айыл округдарында болду. Вице-премьер урандыларга айланган, жабыркаган үйлөрдү жана бир катар инфраструктуралык объектилерди карап чыкты.

“Акрам Мадумаров жарандарга тийиштүү жардам көрсөтүү, кырсыктын кесепеттерин жоюуга жана өзгөчө кырдаалдарга каршы күрөшүү иш-чараларын жүргүзүү боюнча бир катар көрсөтмөлөрдү берди. Жергиликтүү бийликтерге үйдү камсыздандыруу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, жаан-чачындын кесепетинен Исфана шаарында сел жүргөн. Турак-жайларды жана бала бакчаларды сел каптаган болчу. Премьер-министр табигый кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюуну тапшырганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости