www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Шевченко атаандашын техникалык нокаут менен утту

Бүгүн, 22-ноябрда Антонина Шевченко Лас-Вегаста (Невада, АКШ) UFC 255 турниринде бразилиялык Ариан Липски менен беттешти.

Ал экинчи раундда Липскини техникалык нокаутка жөнөтүп, UFC уюмундагы үчүнчү жеңишине жетти.

Ушул эле турнирде Валентина Шевченко 10:30да чемпиондук курун коргойт. Ал бразилиялык Женнифер Майа менен беттешет.

Антонина Шевченко Жо Роганга маек берип жатып, бул жеңишти абдан каалаганын жана өз милдетин аткарганын айтты.

«Албетте, мен кысымды сездим. Эже-сиңдинин жеңишке жетиши мыкты болмок. Мен өз милдетимди аткардым. Жалпысынан алганда, бул жакшы кысым болду, ал мени кыйнаган жок, тескерисинче, мага кошумча түрткү болду. Жеңишке жеткениме кубанычтамын. Мен бул жеңишти аябай кааладым, катуу машыктым. Мен жеңишим керек болчу, үйгө жеңиш менен кайтышым керек болчу. Биринчи жолу эже-сиңди бир кардда мушташып жатат. Демек, экөөбүз тең жеңишибиз керек», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости