www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев социалдык тармактардагы “кызмат абалынан пайдаланып, акча талап кылып жатат” деген айыптоолорду четке какты. Жапыкеев буга байланыштуу “Фейсбуктагы” баракчасында видео кайрылуу жасады.

“Мегакомдун” жетекчиси Сыймыкка “Айфон” бериптир деп жатышат. Андай болгон эмес. "Жаңы жылың менен" деп календарь жибериптир куттуктап... Белекке календарьдан башка эч нерсе алган эмесмин. Убагында бийликке алданган эмесмин, бир "Айфонго" алданбайм. Мен өзүм жада калса чет өлкөгө эс алганы бара албай жүрөм. Кайдагы ушактарды чыгарып, чуу сала бербегилечи. “Сыймык ичип-жеп жатыптыр” дегендер болбогон сөз. Кимди кыйнап, кимди акча бер деп жатсам ачык айтсын”, - деди Жапыкеев.

Эске салсак, мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеев 6-октябрдагы саясий окуялардан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка барган.

Жапыкеев экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда Интернетте бийликти кескин сындап белгилүү болгон. Ал 2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого оппозициялык “Чоң казат” партиясын жетектеп барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости