www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-майда Россиядан келген учак каттамы боюнча ар кандай сын-пикирлер айтылды. Айрымдар жаш эле жигиттер учуп, кары-картаңдар, балдары барлар калып кетти деп да айтып чыгышты. Кийинки каттам май айынын аяктарына пландалгандыктан, бул маселеге байланыштуу Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлү Тимур Саралаев төмөнкүдөй билдирүү жазып чыкты. 

"Бул ирет Кыргызда кыздын чачы улук демекчи, Москвадан Бишкекке боло турган каттамга бир да ЭРКЕК жаран отургузулбайт. Бул чечим учурдун талабы буга, биринчиден, карапайым мигранттар макул жана коомдук уюмдар каршы эмес. Бүгүн Элчиликтин алдына келген эл элчинин ушул сунушун колдошту.

Эмки каттамда 5 айдан жогору кош бойлуу айымдар жана 2 жашка чейинки жаш баласы барлар гана уча алат. Калган бойдок кыздар, 2 жаштан чоңураак балдары бар эже-карындаштар да кете албайт. Калгандар туруп тургула.

Жумушчу топтун ишинин координациясы толугу менен мага жүктөлдү. Ошондуктан кетет элек, кирет элек, ооруп жатты эле, "срочный" ж.б.ж.у.с. сөздөр болсо капа болбогула, күтүп тургула кийинки каттамдарды," - деп жазган Саралаев.

Булак: NazarNews.org

Последние новости