www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматы, Тергөө комитети жана Ички иштер министрлиги Украинанын атайын кызматтарынын “Россия сегодня” жана RT медиа тобунун башкы редактору Маргарита Симонян менен блогер Ксенияга кол салууга даярдануусуна бөгөт коюшту. Бул тууралуу Федералдык коопсуздук кызматы маалымдайт.

"Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматы Россиянын Тергөө комитети жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте RT телеканалы жана "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы редактору Маргарита Симонянды өлтүрүүгө Украинанын атайын кызматтары тарабынан даярдануусунун алдын алды. Маалыматтарга караганда, Ксения Собчакты дагы өлтүрүүгө даярдык көрүлүп жаткан", - делет маалыматта.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, бир күн мурун Москвада жана Рязань облусунда Симонян менен Собчактын "жумуш жана жашаган даректеринде" чалгындоо жүргүзгөн "Параграф-88" неонацисттик тобунун мүчөлөрү кармалган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө алар Украинанын коопсуздук кызматынын көрсөтмөсү боюнча ар бир киши өлтүрүү үчүн 1,5 миллион рубль сыйлык алуу үчүн кол салуу аракеттери даярдалганын тастыкташты", - деп кошумчалайт Федералдык коопсуздук кызматы.

Учурда керектүү ыкчам-издөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Кармалгандардан Калашников автоматы, ага 90 патрон, бычактар, резина дубинкалар, кишендер, шеврондор жана нацисттик символдор түшүрүлгөн желектер, нацисттик адабияттар, ошондой эле алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган маалыматтар менен байланыш каражаттары жана компьютерлер алынган", - деп айтылат маалыматта. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости