www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Максат Мамытканов 2021-жылдын 10-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна карата даярдыктар менен жеринде таанышып, шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында Баткен облусуна иш сапары менен барып, облус активи менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарына шайлоо комиссияларына шайлоонун уюштуруу маселелерин чечүүдө жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда, анын ичинде пандемия шарттарын эске алуу менен, санитардык-гигиеналык нормалардын аткарылуусун көзөмөлгө алуу, шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы, жылуулук менен камсыздоо, кошумча электр генераторлорун коюу, жарандарды биометрикалык каттоодон өткөрүү боюнча көмөк көрсөтүү тапшырмаларын берди.
Максат Мамытканов билдиргендей, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгында Форма 2 колдонулушу элдин нааразычылыгынын себептеринин бири болгон.
Вице-премьер-министр алдыдагы шайлоодо Форма 2 колдонулбай турганын айтып, ошондуктан эл арасында өзүн өзү тизмеден тактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоо, добуш сатып алуу, жана башка мыйзам бузуу фактыларын алдын алууну тапшырды.
Баткен облусунда шайлоо участкаларынын саны 217 түздү, ал эми шайлоочулардын жалпы саны 297 миң 203 түзүүдө.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоону өткөрүү боюнча кеңири маалымат берди.
Жыйындан соң Максат Мамытканов Баткен облусунун чектеш аймактарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти.
Булак: NazarNews.kg