www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вице-премьер Максат Мамытканов убадаланган реформаларды аткаруу үчүн эмне кылуу керектигин айтып берди.
Маалымат жыйын учурунда журналисттер Мамыткановго шайлоо кампаниясы учурунда "эгер бийликке келип калсам, реформа жасайм" деп айтканын эске салып, убадасы качан ишке ашырыла турганын сурашты.
"Адегенде бизге элдин колдоосу керек. Ошон үчүн биз шайлоо өткөрүп, конституциялык реформа жасап жатабыз. Учурдагы биздин максат — мамлекеттик институттарды сактап калуу. Биздин сунуштарды парламент бекитип бериши керек. Себеби бардык процесс мыйзам чегинде аткарылышы шарт", — деди вице-премьер.
Мамытканов 2021-жылдын 10-январында өтө турган президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча Республикалык штабды жетектеп жатат.
Булак: NazarNews.kg